11:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбековдун эксклюзив маеги. Үй-бүлө, ага-ини жана өлкө келечеги

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенине жакында бир жыл болот. Адатта өлкө башчысы аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарып, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына маек курат. Сооронбай Жээнбеков салтты бузуп өкмөттүк ЖМКларга эмес көз карандысыз 24.kg маалымат агенттигине мамлекет башчысы катары алгачкы интервьюсун берди.

— Социалдык түйүндөрдө сиздин расмий баракчаларыңыз бар. Бирок, ал жакта сиздин өзүңүздүн олтурбагандыгыңыз түшүнүктүү . Сиздин бош мүнөттөрүңүз болуп калса кандай социалдык түйүндөргө кирип окуйсуз? Жардам сурагандар болуп калса, тиешелүү органдарга тапшырма бересизби?

-Мага социалдык түйүндөрдүн күнүмдүк жана жумалык жыйынтыгын билдирип турушат. Маалыматты өз убагында алып турам. Кээде гана бош убакыт болуп калганда Facebook баракчамды карап коём. Эртең мененки иш күнүм маалымат сайттарын окуп, радио угуу менен башталат. Кечкисин үйдөн интернет карайм.

Президенттин аппаратынын ишинин экинчи бөлүгү саат 21:00дөн кийин башталат. Мен жооп берип, чара көрүп жана жардам бере турган маалыматтардын, кайрылуулардын шилтемелерин жөнөтөм. Мени биздин жарандардын активдүүлүгү кубандырат. Болгон көйгөйлөрдү мага ачык айтып, социалдык түйүндөр аркылуу кайрылышат. Бул реалдуу жашоодон алыстап кетпеш үчүн президентке чоң жардам.

-Сиздин президенттик башкарууңуздагы бир жыл артта калды. Бул убакытта сиздин үй-бүлөңүздө кандай өзгөрүүлөр болду? Жаңы тартип боюнча жашоо балдарыңыз жана жубайыңыз үчүн оор болгон жокпу? Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен мындай шартта көп жылдан бери эле иштеп келе жаткандыктан балдарым менен жубайым көнүп калышкан. Эми менин үй-бүлөм коомчулуктун көңүл борборунда болуп калды.

Бир уул бир, бир кызым бар. Кызым Бактыгүл турмушка чыккан. Окуя жайды аяктап, азыр уулун тарбиялап жатат.

Күйөө балам Атабек чет өлкөдө окууну бүтүп, учурда өкмөттүн аппаратында эксперт болуп иштейт. Уулум Иман 4-класста окуйт, каратэ жана футболго барып жүрөт.

— Сиздин жубайыңыз Айгүл Токоева коомчулукка көп деле чыга бербейт (бир-эки иш-чарадан башка). Бул анын жеке чечимиби же сиздин кеңешпи? Өлкөнүн биринчи айымы адатта кайрымдуулук менен алектенет. Сиздин жубайыңыз бул салтты улантабы?

— Менин жубайым — менин бекем тирөөчүм. Ал балдарды карап, ага кошумча чакан фермердик чарба менен алектенет. Эл көзүндө көп болгонду жактыра бербейт. Мындан улам зарыл болгон учурда гана эл алдына чыгат.

Кайрымдуулук менен биз дайым эле алектенебиз, бирок, мындай иштерди жарнамалоо туура эмес.

 Азыр үй-бүлөңүз менен болууга убакыт табылабы?

— Чанда гана болуп калат. Кээде, дем алышта, кызым неберем менен келип калат. Ошондо баарыбыз бирге убакыт өткөрөбүз.

Ал эми жумуш күндөрү иштен кеч кайтам. Мен башында айтып өткөндөй, иш графигиме балдарым түшүнүү менен карашат.

Чынын айтсам, мен жөн гана чалкалап, ишсиз жатып эс алганды билбейм. Мурда дагы балдарым үчүн гана Ысык-Көлгө барчумун. Алар бир жыл бою менин эмгек эргүүмдү күткөндүктөн гана макул болот элем.

— Кемин районунун тургундары менен кездешип жатканда сиз тааныбаган «туугандарыңыз» пайда болгонун айткансыз. Ошондо сиздин атыңызды жамынгандарды жазалоого буйрук да бергенсиз. Сиздин президенттик ишке киришкенден кийинки эле жакындарыңызга кандай «буйрук», өтүнүч менен кайрылдыңыз? Жакындарыңыз, кудаларыңыз, айылдаштарыңыз эмне сурап кайрылышат? Алардын арасында өтүнүчүн аткарбагандыгыңыз үчүн таарынгандары барбы?

— Кыргызда тууган көп. Сураштыра келсек, баарыбыз тууган болуп чыгабыз.

Мен өзүмдүн бир туугандарым үчүн тынчсызданбайм. Менин туугандарым менин жумушума эч качан аралашкан эмес жана аралашпайт. Менин премьер-министр кезимде дагы жакындарымды жоопкерчиликти түшүнүү менен кабыл алышкан. Президенттик милдетти жүгүн жакшы билишет. Андыктан мамлекеттик ишке кийлигишүү боюнча сөз да болбойт.

Мен эч качан жумушту, мамлекеттик иштерди үйдө, жакындарым менен талкуулаган эмесмин. Ага биздин үй-бүлөдө тыюу салынган. Бул менен принцибим.

Бир эле бирөөсү менен мамлекеттик иштер боюнча сөз козгосом, андан ары кетерин түшүнөм. Андыктан эч кимге уруксат бербейм.

Инаугурациядан кийин туугандарыма баардыгынын жардамына муктаждыгымды, ал үчүн «ар бириң ушуга чейин иштеген иши менен гана алек болгула» — деп айттым.

Президенттик — бул убактылуу жумуш жана чоң жоопкерчилик. Аны түшүнбөгөн тууган-тааныш болсо, анда андайлар менен кол үзүүгө туура келет.

Жакын адам түшүнүп, өзүн мага зыян тийгизбегендей алып жүрөт.

— Сиздин үй-бүлө мурунку президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө ага-инилериңизден улам салыштырып жүрүшөт. Ага-инилериңиздин кимиси сизге жакын? Коомчулук көбүнчө Асылбек Жээнбековду сындап жатат. Эми сиздин кудаңыз Алиярбек Абжалиевди дагы сынга алышууда. Көпчүлүктүн айтымында, алар тигил, же бул саясатчыларга, аткаминерлерге жана карапайым жарандарга көйгөйлөрүн чечип беребиз деп сөз беришет экен. Сиздин бул тууралуу маалыматыңыз барбы? Аларга кайсы тармакка кийлигишүүгө болбойт?

— Биз 11 бир тууганбыз, азыр 4 эркек жана 4 кыз калды. Бир туугандарымдын ичинен мага жакыны эң кичүү иним Жыргал. Аны баарыбыз жакшы көрөбүз. Ал азыр айылда жашап, чарба иштери менен алек. Иним саясаттан алыс.

Мен Асылбек Шарипович тууралуу ушактарды угуп калам. Кимдир-бирөөлөр жеке кыялын чындыкка айланткысы келет.

Биз бир туугандардын дайым өз жумушубуз болуп, милдеттерибизди өз күчүбүз менен эле аткарып келгенбиз.

Асылбек Шариповичтин, шайлоочуларынын алдында өз милдеттери бар.

Негизи бир туугандарымды кийлигиштирбей, мамлекеттик маселелерден алыс кармоо — бул жеке кызыкчылыгым. Ал сөздөр боюнча мен да укканмын. Имиштердин айынан жогорку кызматтарда отурган аткаминерлерге менин туугандарыма кайрылбагыла деп эскерттим. Ыйгарым укугумдун чегиндеги суроолордун баарын өзүм гана чечем.

Депутат Алиярбек Абжалиев —менин жалгыз кудам. Аны менен сый, туугандык гана мамиледемин. Экөөбүз балдарыбыз жөнүндө гана сүйлөшөбүз.

Ооба, мен бир туугандарым менен жакындан катташып турам, бирок, президенттик кызматта жетим, жалгызмын. Бул деген чечимди өзүм кабыл алгандыктан, керт башым менен жооп берем деген мааниде.

Өлкө үй-бүлөлүк кландык бийликти баштан өткөрдү. Менин каршылаштарым ушул теманы атайын козгоп, коомчулуктун аң-сезими менен ойноп жатышат. Анткени бул Кыргызстан үчүн кооптуу экени белгилүү. Бирок, мен алардын тилегин орундата албайм. Үй-бүлөлүк бийликке жол жок.

Мен президенттик мөөнөтүм бүткөндөн көчө аралап ээн эркин басып, Ысык-Көлдүн жээгинде эл менен кошо эс алып, өзүмдүн жеке иштерим менен алектегенгим келет.

-Бош убактыңызда эмне менен алектенгенди жактырасыз?

-Бош убактым деле жок. Таңкы 7 жарымдан баштап иште болом. Кечкисин бир аз болсо да жөө басканга аракет кылам. Убакыт болуп калса сууда сүзөм.

Балачактан калган көнүмүш адатыңыз барбы?

— Менин чоң атам Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган. Атамдын уулу агасын чоң ата дечүбүз. Ал бизге чоң ата болуп, мен анын колуна өсүп калдым. Чоң атам 25 жыл совхоздо башкарма болуп иштеди. Эртең менен ишке кетерде мени ойготуп, мен аткара турган иштерди дайындап коюп кетет эле. Ал жумуштарды бүтүргөндөн кийин сөзсүз түрдө волейбол боюнча машыгууга барчумун. Чоң атабыз бизге талапты катуу коюп, эч бир бош койбойт эле. Көрсө ал бизге убакытты туура пайдаланганды үйрөтүптүр.

— Сиз тууралуу балдарыңыз жана неберелериңиз эмне деп айтаарын каалайт элеңиз?

— Мен балдарымдын мен үчүн уялышын каалабайм. Президенттик мөөнөтүм бүткөндөн кийин алар дос-тааныштарынын, кесиптештеринин арасында башын бийик көтөрүп жүрүшүн каалайм. Эгер балдарым мен үчүн намыстана турган болсо, анда мен жакшы ата боло албаган болом.

Албетте, алар мени камкор жана мээримдүү ата катары эскеришин каалайм.

— Сиз үчүн идеалдуу өлкө кандай болушу керек?

— Биринчиден ыймандуу бийлик. Адилеттүү, чынчыл, калыс, өлкөнү өнүктүрүп, элди алдыга сүрөй алган жетекчи.

Кедей-кембагалы жок, мыйзам жана адам укуктары баарынан жогору турган, экономикада жана саясатта күчтүү атаандаштыкта мыктьлар жеңип, экономикалык жактан өнүккөн парламенттик республика, сөз эркиндиги бар өлкө. Мамлекет жана анын жашоочулары бактылуу өмүр сүрсө дейм. Биз Кыргызстанды дал ушундай өлкөгө айлантуу үчүн иш алып барабыз.

— Саясат адамдын мүнөзүн бир топ өзгөртөт. Сиз жашоодо токтоо адамсызбы, же жиниңиз тез келеби? Кандай адамдар кыжырыңызды кайнатат?

— Мен сабырдуу кишимин.

Бирок, кайдыгер, колунан келген ишти, өзүнүн милдетин жасабай карап турган жетекчилерге ушундай ачуум келет. Калп айткандар, адилетсиз мамиле кылгандар, мамлекетке чыгаша алып келгендер дагы менин чыдамымдан чегинен чыгарат.

Элдик казынага кол салып, ага кейибей, кадыресе көрүнүш катары карагандар кыжырды кайтанат.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби