16:26
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Президент Сооронбай Жээнбековдун эксклюзив маеги. 1-бөлүк

Сооронбай Жээнбековдун президенттик башкаруусунун бир жылдыгы жакындап калды. Салт боюнча өлкө башчы аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарат. Президент бул жылы салтты бузуп, мамлекет башчысы катары алгачкы интервьюсун өкмөттүк ЖМКларга эмес, көз карандысыз 24.kg маалымат агенттигине берди.

Алгачкы жетишкендиктер

— Сооронбай Шарипович, сиздин башкарууңуздагы биринчи жыл артта калды. Сиздин бул мезгилдеги башкы жетишкендигиңиз?

— Менин президенттик башкаруу мөөнөтүмдө башкы приоритеттүү багытым — аймактарды өнүктүрүү жана жемкорлукка каршы күрөш. Канча жылдан бери топтолгон бул эки маселени заматта чечип коюу мүмкүн эмес. Алар менин президенттик мөөнөтүм аяктаганга чейин көңүл чордонунда болот.

Эмне үчүн мен аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани бериш керек деп эсептейм? Биздин өлкөнүн экономикалык өнүгүшү бир — эки аймактан гана көз каранды болуп калган. Мамлекеттин негизги эки инструменти —салык-бюджеттик саясат жана акча-насыялык саясат аймактардын өнүгүшүнө түрткү бере алган жок. Экономикалык саясат тармактык принциптерге гана таянып, бирок аймактардын өзгөчөлүгүнө ылайык келе алган жок.

Облустарды салыштыра келгенде дисбаланс байкалат. Бир аймак өнүгүп жатса, калгандары артта калган болот. Бирок, айылдардын бирдей өнүгүшү өлкөнүн экономикалык өсүшүнө алып келери белгилүү. Мына ушундай улам биз аймактарды өнүктүрүүгө негизги басым жасап жатабыз.

Өткөндө Нарын облусуна болгон иш-сапарымда биздин ийгиликтүү ишкерлерге өз аймактарын колдоого чакырдым. Мисалы, Нарынды алсак, бул облустун потенциалы күчтүү. Ал жакта тери, жүн, сүт азыктарын жана этти кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу керек.

Биз, кыргыздар жакындарыбызга жардам бергенге даярбыз. Акыркы наныбызды дагы бөлүшүп жейбиз. Аймактарга жардам берүүнү каалаган жарандарыбыз бар. Бирок, алар өз айылынын, же районунун өнүгүшүнө салым кошо аларын билишпейт. Мында болгону муну уюштуруу иштерин колго алып, ресурстарды аймактарга мобилизациялоо керек.

Колу жок айыл тургунун насыя алууга шарты туура келбейт. Банктар күрөө талап кылат. Мындан улам бизде бай менен кедей ортосунда ажырым күч. Мамлекеттин милдети — жакырларга кам көрүп, алардын жашоо деңгээлин көтөрүү. Биз жакырчылыкка каршы күрөшөбүз. Ар бир үй-бүлөдө өзүнүн туруктуу кирешеси болушу шарт.

Миграция, жетимдер жана карылар жөнүндө

— Аймактарды өнүктүрүү биздин мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө салымын кошо алабы?

— Бул суроо өтө маанилүү. Сырткы жана ички миграция-социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдүн топтому жана ал элдин келечегине дагы кедергисин тийгизип жатат. Аймактарды өнүктүрүү бул маселелерди чечүүгө түздөн-түз таасир берет.

Биздин коомдун абалына балдар үйү жана карылар үйү күзгү. Кыргыздар качан эле ата-энесин карылар үйүнө, наристелерин балдар үйүнө тапшырчу эле?

Биздин балдар үйдө эмес, интернатта тарбияланып жатат. Алардын жөлөк болор ата-энеси, баш-көз болор жакындары жоктугуна карабай, 17 жылдан кийин көчөгө кууп чыгып жатабыз. Интернаттагы ар бир бала үчүн мамлекет айына 12 миң сом бөлөт. Бул акчаны баланы өзүнө багып алам деген үй-бүлөгө берсек болот. Ошондо балдар үй-бүлөдө ата-эне мээримин көрүп чоңоюп, биз келечектен мээрим күтө алабыз.

Негизи бизде бала багууну каалагандар арбын. Бирок, жемкорлук менен бюрократия буга да тоскоол болууда. Бул маселени жакында эле укук коргоочу Назгүл Турдубекова менен талкууладым. Чынын айтсам, биздин ушундай бейөкмөтчүлөрүбүз өлкөнүн башкы тиреги болуп келе жатат.

Четте иштеген мекендештерибиздин кеңешин түздүк. Орусия, Түркия жана башка өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар мекенине келип, экономикага салымын кошууга даяр. Аларды дагы аймактарга багыттайбыз. Бул багытта иш алып барууга ниеттенгендердин баарына колдоо көрсөтөбүз.

Султан Досалиевдики
Фото Султан Досалиевдики

Азыр биз административдик-аймактык реформа даярдап жатабыз. Төрт деңгээлдүү башкарууну үчкө дейре кыскартабыз.

Аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында 20 шаар тандалып алынган. Качан гана кичи шаарлар өнүккөндө, борбор калаадагы чыңалууну азайтып, ички миграциянын чечилишине жол ачылат.

Жемкорлук менен күрөш

Ал эми жемкорлук менен күрөш боюнча айта турган болсок, бул дагы оңой-олтоң иш эмес. Өзүңүздөр күбө болгондой, жемкорлукка каршы күрөштүн менин мурунку санаалаштарыма да эпкини тийди.

Бизге азыр катуу каршылык көрсөтүлүп жатат. Бирок, андан коркуп токтоп калбайбыз. Мамлекеттин кызыкчылыгын баардыгынан жогору.

Жемкорлук күнүмдүк турмушта тамырын кенен жайып кеткен. Бул күрөштө элдин, бийлик бутактарынын, жарандык коомдун колдоосу абдан маанилүү.

Негизи биз жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып барууда ачык айкындыкка таянабыз. Мен элдин колдоосун көрүп турам.

Сынчылар Армениядагыдай радикалдуу реформалар жүрбөй жатканын айтышууда. Бизде да реформа жүрүп жатат. Бирок, ал «кансыз» өтүүдө.

Жемкорлук менен күрөштү алдыга жылдырууда мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатында жарандар менен аткаминерлердин байланышын, адамдык факторду азайтуу керек. Бул жаатта электрондук өкмөт долбоору ишке ашат. Анын алкагында баардык министрлик жана мекемелердин маалыматтык базаларын бириктирген «Түндүк» системасы ишке кирет. Электрондук кызматтар мамлекеттик порталы аркылуу 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүлмөкчү.

Өкмөт 2012-жылдан бери «Коопсуз шаар» долбоорун киргизген. Жакында эле долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча «Вега» компаниясы менен келишимге кол коюлду.

Убадалар

— Сиздин шайлоо алдында берген убадаларыңыз эсиңиздеби? Алардын кайсылары аткарылды, жакынкы 5 жыл аралыгында кайсыларын аткара албай калам деп кооптонуудасыз?

— Албетте, шайлоо алдында берген убадаларымды билем. Менин программа абадан алынып жазылган эмес. Ал менин премьерлик кызматымдын логикалык уландысы десем болот.

Мисалы, калкты таза суу менен камсыз кылуу. Бул көйгөй менин көңүл борборумда. Улуттук стратегиянын алкагында 650 калктуу пунктта суу объектилери оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилет. Жакынкы 5 жыл аралыгында баардык аймактар таза суу менен камсыз болот. Элди таза суу менен камсыздоо менен биз өлкөнүн коопсуздугун бекемдеп, экономикалык өнүгүүгө жол ачабыз.

Мамлекеттеги айылдардын жарымында ичкенге суусу жок олтурса, туризм жөнүндө кантип кеп кылабы?

Аны менен бирге 2023-жылга чейин 31 ирригациялык объектин курулушу боюнча иштерди бүтүрүү пландалып жатат.

Ал эми медицина кызматкерлери менен мугалимдердин айлык акыларын көбөйтүү дайыма көңүл борборумда. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин маяналары көбөйдү, эми кезек стационардык кызматкерлерде.

Үгүт маалында шайлоочулар конкреттүү далилдерге, реалдуу сандарга маани беришпестигин байкадым. Жолугушууларда мугалимдердин айлык акысы көтөрүү боюнча көп суроо берилип, сунуштар айтылды. Менин оппоненттерим дагы буга басым жасап, айлык акыны 25 миң сомго чейин жеткирүүнү убадалашты. Ачык айтсам, жолугушуулардын биринде мен атаандаштарымдан өтөйүн деп, маянаны
26 миң сомго көтөрөм деп сөз бергем. Берген сөзүмдү президенттик мөөнөтүм бүткөнчө ишке ашырам.

Мамлекеттик ипотекалык программаны өкмөттү жетектеген кезимде эле ишке ашыра баштаганбыз. Анда ипотеканын жылдык үстөк наркы 14 пайыз болчу. Кийин 12-10, акырында 8 пайызга түшүрдүк. Азыр Мамлекеттик ипотекалык ишкана 7 пайызга түшүрүү аракетин көрүп жатат.

Султан Досалиевдики
Фото Султан Досалиевдики

Ипотекалык программаны каржылоону көбөйтүп, үстөк наркын мындан да арзандатып, бюджеттик кызматкерлерге гана эмес, башка жаатта иштегендерди дагы камтуу керек.

Андан тышкары, мен аймактарды өнүктүрөм деп убада кылганмын. Биринчи жылды аймактардын көйгөйлөрүн чечүүгө багыттадык. Бирок, бул бир жыл менен гана чектелип калбайт.

Тышкы карыз

— Бүгүнкү күндүн орчундуу темасы — тышкы карызды тейлөө маселеси. 2023-жылдан баштап Кыргызстан жылына 320 миллион доллар төлөп баштайт. Белгилүү болгондой, сырткы карыздын көп бөлүгү транспорт жана энергетика тармагына коротулду. Ал кытайлык Эксимбанктын насыясы. Кыргызстан насыясыз жашай алабы? Карыздарын төлөөгө чамасы жетеби?

— Учурда Кыргызстандын сырткы карызы 3,8 миллиард АКШ доллары. Сырткы карыздын негизги үлүшүн, 98 пайызын жеңилдетилген насыя түзөт. Насыялар маанилүү экономикалык жана социалдык чөйрөлөргө багытталган. Чындыгында сырткы карыздын негизги бөлүгүн, 1,7 миллиард долларды Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы берген.

Сырткы карыздын туруктуулугунун негизги эрежеси — ИДПнын номиналдык өсүшү сырткы карыздын номиналдык өсүшүнөн жогору болуш керек. Бул эрежени сактоо менен сырткы карыздын көрсөткүчүн 2015-жылдагы 64 пайыздан 49 пайызга төмөн түшүрүүгө мүмкүн болду.

Ошондой эле, мыйзам боюнча бир донордон алган акча тышкы карыздын жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан ашпашы керек. Анүстүнө насыянын 35 пайызы грант түрүндө берилсе гана алабыз.

Бизде тыштан алган акчадан дагы, аны туура, максаттуу пайланууда суроолор көп. Ошондуктан, алган каражаттын ар бир тыйынына катуу көзөмөл болуп турушу шарт.

Бир мисал, өкмөт башчысы болгон кезде, Бишкек-Кара-Балта жолунун оңдоо иштеринин сметасы 82 миллион доллар деп бекитилиптир. Кайра эсептеп чыгып, наркка кошулуп көрсөтүлгөнүн аныктап, 70 миллион долларга түшүрдүк.

Эгерде мен, премьер-министр, спикер, министрлер талап коюп, мыйзамдын чегинде гана иш алып барсак, калган аткаминерлер бул жолдон чыкпайт.

Эң көп окулган жаңылыктар