10:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Баткен менен Фергана облустары кызматташуу жолдорун талкуулады

Баткен менен Фергана облустарынын ишкерлери жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Өзбекстандын Фергана облусунун аймактык соода сатык палатасынын башчысы Отабек Атабаев баштаган 23 ишкананын өкүлдөрү келишти. Ал эми Баткен облусунан 30 жеке ишкер жолугушууга катышып, алдыда кайсы багытта, кандай нукта иш алып баруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Фергана облусунан келген делегация курамында мөмө жемишти кайра иштетүүчү, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалардын өкүлдөрү жана ири көлөмдө продукцияны чет жакка экспорттогон ишкерлер бар.
Бул күнү Баткен облусунун аймагындагы кен байлыктар жана айыл чарба продукцияларынын чакан көргөзмөсү да уюштурулду.

Эки облуустун ишкерлери кеңири жана эркин форматтагы жыйында сүйлөшүп, бир канчасы биргелешкен иш каналарды ачуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума