13-ноябрдан 21-ноябрга чейин Кыргызстанда диабетке каршы күрөшүүгө арналган жумалык өтөт. Бул тууралуу Эл аралык диабет федерациясы билдирди.
Иш- чара 14-ноябрь — Дүйнөлүк диабет күнүнө арналат. Анда акциялар, тегерек үстөлдөр жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.
Эске салсак, былтыр Кыргызстанда 55 миңден ашуун диабет менен ооруган бейтаптар катталган. Ал эми дүйнөдө кант диабетине чалдыккандардын саны 422 миллионду түзөт.