04:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өкмөт бюджетке өзгөртүү сунуштоодо

Республикалык бюджеттин кирешеси 2018-жыл үчүн бекитилген бюджетине карата 0,8 пайызга, же 1 миллиард 137 миллион сомго көбөйөт. Бул тууралуу өзгөртүү 2018-жылдын бюджетине сунушталган өзгөртүүдө каралган.

2018-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 142 миллиард сом суммасында, же ички дүң өндүрүмдүн 25,4 пайызда каралган. Ал эми чыгаша 157 миллиард 230 миллион сомдун деңгээлинде (ИДӨгө карата 28%) түзүлгөн.

Өкмөттүн маалыматында, бюджеттеги 15 миллиард 210 миллион сом таңсыктыкты жоюу үчүн каржы булактары каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар