03:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Араван цемент заводу ишке кирсе 450дөн ашуун жумушчу орун түзүлөт

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван цемент заводунун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Заводдун курулушунун жүрүшүндө 1000ге чукул жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болуп, заводдо иштин башталышы менен 450дөн ашуун жумушчу орун түзүлөт», -деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Маалыматка караганда, заводдун курулушуна жалпысынан 86 миллион АКШ доллары жумшалды. Сооронбай Жээнбеков жаңы ишканалардын бирөө дагы айлана чөйрөгө, экологияга зыян тийгизбеши керектигин баса белгиледи. Адистер Араван цемент заводун экологиялык эң таза ишкана деп белгилеп жатышат. Анткени өндүрүштө 16 аба тазалагыч фильтр, 2 кубаттуу чоң фильтрлер орнотулуп, айлана чөйрөгө зыяндуу заттардын чыгышына жол бербейт.

Араван цемент заводу жылына 1 миллион тонна цемент өндүрөт. Мамлекеттик казнага жана жергиликтүү бюджетке 400 миллион сомдон ашык салык жана социалдык төлөмдөр түшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар