02:31
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

УКМК: Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташып жатат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана анын эң жакын санаалаштарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

«Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө ар тараптуу жана калыс жүргүзүлүп жатат. Маалыматтарда айтылган акча каражаты берилгени жана кай жакка коротулганы боюнча бардык жагдайлар аныкталып жатат. Тергөөдө Илмиянов акчаны алганы тууралуу жетиштүү далилдер бар. Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташууда», -деп жазылат маалыматта.

УКМК муну менен Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) 29-октябрда тараткан билдирүүсүнө жооп кайтарды. КСДП буга чейин «Икрамжан Илмиянов алды» деген акчага байланыштуу УКМКнын тергөөчүсүнөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялаган.

Атайын кызматтан келген, «24-октябрда жазылды» деген катта «тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы 8-августта президенттик шайлоо штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов «Дизел комплект» аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды демөөрчүлүк жардам катары алганы аныкталды» деп айтылган.

КСДП партия бир добуштан президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүн билдирип, ошондуктан бардык суроолор боюнча Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну" сунуш кылган. 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ага Башкы прокуратура быйыл 28-сентябрда кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби