03:20
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Коомдук транспортту электрондук билетке өткөрүү. Тендер ноябрда өтөт

Бишкекте коомдук транспортту электрондук билетке өткөрүү долбоору боюнча тендер ноябрда өтөт. Бул тууралуу мэриянын отурумунда унаа бөлүм башчысы Кубанычбек Жусупов билдирди.

Маалыматка караганда, долбоордун негизги максаты-унаада коопсуздукту камсыздоо. ИИМдин маалымат боюнча, 5 күндө бир жолу жүргүнчү ташыган унаанын катышуусунда жол кырсыгы болуп турат. Айрыкча, чакан бустардын айдоочулары кырсыкка кабылышат. Анткени, алар унаа башкарып бара жатып жол акысын алганга аргасыз.

Мэрия электрондук билетти киргизүү менен жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн аныктай алышат.

Электрондук билетти алгач 160 троллейбус жана 120 автобуска орнотуу пландалууда.

Андан кийин маршруттук унааларга, кийинчерек таксилерге орнотулмакчы. Төлөмдөр смарт-карта, банктык карта жана уюлдук телефон аркылуу жүргүзүлөт. Шаарда билеттерди сата турган 200дөн кем эмес жай ачуу каралып жатат.

Смарт-карталар бир канча түргө бөлүнөт:

— пенсионерлер үчүн ( айына 60 сапар)

— мектеп окуучулары үчүн (200 сом, 60 сапар);

—студенттер үчүн (350 сом, 60 сапар);

— бирдиктүү жол жүрүү билети (500 сом, 100 сапар).

Бир жолку билеттин баасы азырынча тактала элек.

Эң көп окулган жаңылыктар