Айдоочуларга мөөнөтсүз күбөлүктү жыл аягына чейин алмаштыруу зарылдыгы айтылды
Кыргызстанда жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөрдүн ээлерине документтерди 2026-жылдын аягына чейин алмаштыруу зарылдыгы эскертилди. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде «Унаа» мамлекеттик борборунун директорунун орун басары Тилек Жеңишев билдирди.
Түз эфир учурунда угармандардын бири 71 жашта экенин жана эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөнүн айтып берди. Ал өзүнүн калктуу конушунун чегинде гана унаа айдаса, документти алмаштыруу милдеттүүбү деп сурады.
«Унаа» борборунун өкүлү жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөрдү жыл аягына чейин алмаштыруу зарыл экенин түшүндүрдү. Ошол эле учурда, жарактуу мөөнөтү белгиленген документтерди аларда көрсөтүлгөн күнгө чейин колдонууга болот.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 15-январынан тартып Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү жаңы үлгүдөгү документтерге акысыз алмаштыруу өнөктүгү жүргөн. Ал 31-мартта аяктаган.
Президенттин 2026-жылдын 31-мартындагы № 131 Жарлыгына ылайык, 1-апрелден 31-декабрга чейин мындай күбөлүктөрдү алмаштыруу 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз, бирок акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
Буга чейин «Унаа» борбору алмаштыруунун баасы 1 миң 389 сомду түзөрүн билдирген.
Арызды «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу берүүгө же түздөн-түз мамлекеттик борбордун аймактык бөлүмүнө кайрылууга болот.