USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы: «Педофилдердин орду түрмөдө, аларга коомдо орун жок»

11:08, 07 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Педофилдердин орду түрмөдө жана аларга коомдо орун жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда парламенттин жалпы жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, коомдо депутат Айсаракан Абдибаеванын педофилдерди коргоп жатат дегендей билдирүүсү боюнча активдүү талкуулар жүрүүдө.

«Бул темадагы талкуу бир катар жарандардын кайрылуусунан кийин комитеттин жыйынында башталган. Депутат теманы жалпы талкуулоонун алкагында өз пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок бул үчүн бүтүндөй парламентти сындаганы туура эмес. Мен белгилеп кетейин, депутат педофилдер боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген эмес жана парламент эч качан мындайга барбайт.

Тескерисинче, биз бардык педофилдер түрмөдө отурушу үчүн жана өмүрүнүн аягына чейин ошол жакта чириши керек дегендей мыйзамдарды катаалдаштырганбыз. Биз атүгүл бычууну киргизүүнү да каалаганбыз, бирок кийин андан баш тартканбыз.Биздин принцибибиз мындай болчу — педофилдер жөнөкөй адамдардын арасында жашабашы керек. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин жаш балдарды, майыптарды зордуктаган учурлар болуп, айрым педофилдер психикалык бузулууга шылтоо менен маалымкат алып, эркиндикке чыгып кетишкен. Мындайга жол берүүгө болбойт», — деп белгиледи Марлен Маматалиев.

Ал депутаттарга күнөөсүз жаш жигиттер педофил катары жоопко тартылып, мыйзамсыз соттолгон деген кайрылуулар түшүп жатканын кошумчалады. Ал прокуратураны ар бир ушундай учурду текшерүүгө чакырды.

«Социалдык тармактарда педофилия тууралуу талкуулардан кийин парламентке карата сын-пикирлер күчөгөнүн көрүп жатабыз. Бизди начар парламент, нотариус деп атап жатышат. Эгерде сын жүйөлүү болсо, биз аны кабыл алабыз. Бирок өлкө үчүн эч нерсе кылбаган айрым саясатчы сөрөйлөр же башка адамдар бизди сындай баштаса, буга жол берүүгө болбойт. Жогорку Кеңештин аброюна кесепетсиз зыян келтирүүгө болбойт», — деп кошумчалады Марлен Маматалиев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18