Жапаров менен Бердымухамедов энергетика жана транспорт маселелерин талкуулашты
Аваза шаарында бүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.
КР Президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну жана кыргыз-түркмөн мамилелерин андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Президент Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар эки жактуу алакаларды мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берип, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.