Түшкөн жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн 23 миң сомго чейин айып пул салынат
Көчөлөрдө, короолордо жана талааларда түшкөн жалбырактарды жана өсүмдүк калдыктарын өрттөө атмосфералык абаны булгап, адамдардын ден соолугуна зыян келтирет. Кыргызстанда мындай мыйзам бузуулар үчүн 23 миң сомго чейин айып пул каралган.
Өрттөгөн учурда кычкылтектин жетишсиздигинен улам жалбырактар жана өсүмдүк калдыктары толук күйбөйт. Натыйжада атмосферага адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү зыяндуу заттар жана уулуу газдар бөлүнүп чыгат.
Белгиленбеген жерлерде таштандыларды өрттөөгө мыйзам тарабынан тыюу салынган. Жоопкерчилик, анын ичинде жеке турак жайлардын аймагындагы ушул сыяктуу мыйзам бузуулар үчүн да каралган.
Түшкөн жалбырактарды өрттөөнүн ордуна айлана-чөйрө үчүн коопсуз жолдор менен утилдештирүүгө болот. Мисалы, аларды коммуналдык кызматтарга, анын ичинде «Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүгө же атайын казылган чуңкурга көөмп салууга болот. Убакыттын өтүшү менен жалбырактар чирип, эмдиги жылы эле колдоно турган органикалык жер семирткичке айланат.
Жалбырактарды өрттөө фактылары видеого тартылып алынышы же экологиялык инспекторлор тарабынан жеринде аныкталышы мүмкүн.
Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, белгиленбеген жерлерде таштандыларды өрттөгөндүгү үчүн жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сомго чейин айып пул салынат.