USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Чүйдө экологиялык рейд өтүп, 102 миң сом айып салынды

10:24, 12 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү учурунда 9 административдик протокол түзүлүп, жалпы 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө унаалардан чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемден ашуусу боюнча 7 протокол түзүлүп, 68 миң сом айып пул салынды.

Мындан сырткары, Узун-Кыр жана Жайылма айыл өкмөттөрүнүн аймактарында таштандыларды иштетүүгө байланыштуу эреже бузуулар табылды. Бул фактылар боюнча эки административдик протокол түзүлүп, ар бир эреже бузуучуга 17 миң сомдон, жалпысынан 34 миң сом айып салынды. ошондой эле жооптуу жактарга таштандыларды токтоосуз тазалоо жана тиешелүү аймактарда тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу боюнча милдеттүү эскертмелер берилди.

Аталган иш-чаралар Бишкек экологиялык прокуратурасынын сунуштамасынын алкагында өткөрүлүп, атмосфердик абаны коргоо тармагындагы мыйзамдардын талаптарын камсыз кылууга багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18