«Тазалык» муниципалдык ишканасына 92 миң сом өлчөмүндө айып салынды
Бишкектеги «Тазалык» муниципалдык ишканасынын автотранспорт каражаттарына карата пландалган текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында автоунаалардан чыккан чыгынды газдардын көлөмү белгиленген нормалардан ашып кеткени аныкталды.
Аныкталган эреже бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык төрт протокол түзүлдү. Айып пулдун жалпы суммасы 92 миң сомду түздү.

Мындан сырткары, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу борбор калаа жана Аламүдүн району боюнча экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы ишканага автотранспорт каражаттарын токтоосуз оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана аларды техникалык кароодон өткөрүү зарылдыгы тууралуу эскертүү берди.