USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкектеги курулуш компаниясына 93 миң сом айып пул салынды

09:46, 13 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаардык жана Аламүдүн райондук аймактык башкармалыгына Токтоналиев көчөсүнүн тургундарынан курулуш компаниясы септикти мыйзамсыз куруп, саркынды сууларды агызып жатканы тууралуу кайрылуу түшкөн.

Жарандардын кайрылуусунун негизинде аймактык башкармалык тарабынан аталган факт боюнча пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык аныкталган мыйзам бузууларга каршы тиешелүү чаралар көрүлдү. Курулуш компаниясына 93 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18