USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Баткенде «Тазалык» ишканасына айып пул салынды. Себеби

16:29, 02 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Баткенде «Баткен-Тазалык» муниципалдык ишканасына шаардык таштанды полигонунун жанында калдыктарды өрттөгөндүгү үчүн 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Эреже бузууну Баткен регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жерине барып текшерүү учурунда аныкташкан. Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык ишканага айып пул салынды.

1793602702752-e98f410a-e5bd-451c-8b20-0f86b898797e-musorpng-optimized.webp

Баткен мэриясына полигонго көзөмөлдү күчөтүү, кайтаруу постун жана видеобайкоо камераларын орнотуу, ошондой эле чектеш аймакты таштандыдан тазалоо тапшырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18