USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров Түрк Мамлекеттер Уюмунун саммитине катышууда

14:22, 30 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Түркиянын борбору Анкара шаарында Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды. Саммиттин ишине Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров катышууда.

Жыйын башталардын алдында өлкө лидерлерин расмий тосуп алуу аземи өттү. Саммиттин катышуучуларын Түркиянын башчысы Реджеп Тайип Эрдоган тосуп алды. Тосуп алуу аземинен кийин мамлекет башчыларынын жана делегациялардын биргелешип сүрөткө түшүүсү болду.

пппппппппппппппп.png

Белгилей кетсек, ТМУнун 13-саммити бүгүн «Түрк кылымы: тилде, пикирде жана иште бирдик» деген ураан алдында өтүүдө. Өлкө лидерлери саясий жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, сооданы, инвестицияны, транспорттук-логистикалык байланыштарды, туризмди, билим берүүнү жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Өзгөчө көңүл эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге бөлүнөт.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча Анкара декларациясын жана уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты андан ары чыңдоого багытталган бир катар биргелешкен документтерди кабыл алуу пландаштырылууда.

Эске салсак, Садыр Жапаров Түркияда Реджеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен жумушчу сапары менен жүрөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18