USD87.44EUR95.46RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда

13:40, 09 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда.Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду тосуп алуу аземи болуп өттү.

Аземге ошондой эле Азербайжан президенти Илхам Алиев, Армения премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан катышты.

Биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин делегациялардын башчылары тар курамдагы жолугушууга катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18