USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров Арменияга барды жана COP17 Лидерлер саммитине катышты

07:30, 16 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Арменияга расмий сапары менен барды жана Ереванда COP17 Лидерлер саммитинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Ереван шаарындагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду. Президентти Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Президент Садыр Жапаров Армениянын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты.

Иш-чара өтө турган жерге келгенде, мамлекет башчысын Армениянын президенти Ваагн Хачатурян жана премьер-министри Никол Пашинян тосуп алышты.

Расмий аземдин жүрүшүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларына театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18