USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Президентке Кош-Дөбөдөгү эски мектеп боюнча айтылды: жаңы мектеп курулабы?

09:20, 09 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент аймактарга болгон жумушчу сапарларынын алкагында жергиликтүү калк менен жолугушууларын улантууда. Кечээ Садыр Жапаров Чүй облусунун бир катар райондорунда болду.

Кош-Дөбө айылынын тургуну Аида Нуракова мамлекет башчысына 1961-жылы курулган эски мектеп тууралуу айтып берди. Анын айтымында, окуу жайдын авариялык абалы кем дегенде 80 пайызды түзөт.

Президент архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевден мектеп эмне үчүн жакынкы убакта курулушу пландаштырылып жаткан 111 объектинин тизмесине кирбей калганын сурады.

Агартуу министри Догдуркуль Кендирбаева адистер окуу жайлардын авариялык абалын текшерип жатканын түшүндүрдү. Авариялык абалы тастыкталса, мындай объектилер жаңы имараттарды куруу тизмесине киргизилет.

Садыр Жапаров бул эки аткаминерди кырдаалга жеринде баа берүү үчүн жиберди.

Анын айтымында, мектептин кооптуу абалы тастыкталса, жаңысын куруу керек.

«Эгер конструкциясы дагы эле бекем болсо жана имаратты оңдоого мүмкүн болсо, анда ошого жараша чечебиз. Мен өзүмө жазып алдым. Келгиле, мектепти тизмеге киргизели», — деп жыйынтыктады мамлекет башчысы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18