USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады

19:35, 09 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы 8-октябрда Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышты.

Саммитте сүйлөгөн сөзүндө Президент аймактагы өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү менен ажырагыс байланышта болгон мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча лидерлер Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Андан соң Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды.

9-октябрда Президент КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып, 2028-жылы кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө лидерлери 13 документ кабыл алышты.

Иш сапар аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Бишкекке кайтып келди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18