USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

17:20, 28 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен 29–30-октябрда Анкара шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат.

 

Саммиттин алкагында аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын Анкара декларациясына жана катышуучу мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган башка документтерге кол коюу пландалууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18