Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат
09:45, 22 октября 2026, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барат.
Бул тууралуу басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы райондордун тургундары менен жолугушууларды өткөрөт.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик жетекчилеринин облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан аркы өнүгүү пландары тууралуу маалыматтарын угат.