USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 111 авариялык абалдагы мектеп бар

12:26, 12 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 111 авариялык абалдагы мектеп бар. Бул тууралуу курулуш министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоодо билдирди.

Ал депутаттардын өлкөдө балдар окуп жаткан авариялык абадагы мектептер дагы эле көп деген билдирүүлөрүнө ушундай жооп кайтарды.

Анын айтымында, буга чейин техникалык корутундулар даярдалып, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр уланууда.

«Өлкө президентинин тапшырмасы менен 2028-жылдын аягына чейин авариялык абадагы мектептер боюнча маселе толугу менен чечилиши керек», — деп кошумчалады Болот Чолпонбаев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18