Кыргызстанда мамлекеттик чек араны белгилөөнүн жаңы эрежелери бекитилди
Кыргызстанда мамлекеттик чек араны белгилөөнүн жаңы тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды.
Документ өлкөнүн мамлекеттик чек арасында чек ара белгилерин орнотуунун жана жасалгалоонун бирдиктүү эрежелерин киргизүүгө багытталган.
Ошол эле учурда мурда орнотулган белгилерди жаңы талаптарга ылайыктап кайра жасоонун кереги жок.
Мамлекеттик чек ара кызматына жана Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигине өздөрүнүн чечимдерин жаңы тартипке ылайык келтирүү тапшырылды.
Муну менен катар Өкмөттүн 2000-жылдын 17-июлундагы № 419 «Кыргыз Республикасынын чек ара белгилери жөнүндө» токтому өз күчүн жоготот.