USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бүгүндөн тарта «Чалдыбар» өткөрүү пунктунда унаа кыймылы убактылуу токтотулат

08:13, 25 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүндөн тарта Чүй облусундагы «Чалдыбар — автожол» өткөрүү пункту аркылуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр Казакстандын чектеш жайгашкан «Сыпатай Батыр — автожол» бекетинде жүрүп жаткан капиталдык курулуш иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Чектөөлөр эки этап менен ишке ашат:

  • 23-ноябрдан тартып Казакстандан Кыргызстанга кирүүчү жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө жарым-жартылай чектөө коюлду;
  • 25-ноябрда саат 01:00дөн тартып — жеңил жана жүк ташуучу унаалардын, ошондой эле автобустардын эки багытта тең өтүүсү толугу менен токтотулат.

Ал эми жөө жүргүнчүлөр чек арадан мурдагы тартипте эле өтө алышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18