USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстан менен Казакстан чек арадагы өткөрмө бикеттерин жаңылоону талкуулады

09:06, 20 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү келечегин талкуулашты.

Өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарын модернизациялоо жана алардын инфраструктурасын жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен инвестициялык, соода долбоорлорун илгерилетүү боюнча чаралар каралды.

Жээнбек Кулубаев эң жогорку жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18