USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргыз-тажик чек арасына 327 чакырым тосмо орнотуу аяктады

15:11, 29 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда Кыргызстан менен Таджикистандын мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу жана тосуу иштери толугу менен аяктады. Орнотулган тосмонун жалпы узундугу 327 чакырым 500,4 метрди түздү.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, иштин алкагында жүздөгөн километр талаа жолдору да тартылган.

Учурда эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун алкагында чек ара мамычаларын орнотуу улантылууда.

Жумуштардын аяктагандыгы тууралуу маалымат Баткен облусунун 2026-жылдын январь–сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу учурунда сунушталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18