Кыргыз-өзбек чек арасында жаңы «Кең-Сай» бажы бикети ачылды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айылында электрондук кезек тутуму бар заманбап «Кең-Сай» бажы-логистикалык терминалы ачылды.
Долбоор «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКнын Түштүк филиалынын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылды.
Аянты 8 гектарды түзгөн терминал бир убакта 420га чейин жүк ташуучу унааны батырууга ылайыкташкан: импорттук багыт боюнча — 220 жана экспорттук багыт боюнча — 200 унаа.
Комплекстин аймагында тараза аянтчасы, жүктөрдү кайра жүктөө зонасы, бажы көзөмөлүн жүргүзүүчү жайлар жана бажы брокерлери үчүн бөлмөлөр каралган.
«Кең-Сай» электрондук кезек тутуму жүк ташуучу транспорттун кыймылын тартипке келтирүүгө, кире бериш тилкелерде унаалардын тыгынын азайтууга жана жүк ташуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Терминалдын ачылышы эл аралык жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.