Кыргызстан жаңы майнинг-фермалар үчүн жабык: Садыр Жапаров себебин түшүндүрдү
Электр энергиясынын таңкыстыгына байланыштуу Кыргызстанда жаңы майнинг-фермаларды ачууга уруксаттар убактылуу берилбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Super.kg» басылмага курган маегинде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, учурда өлкөдө эки гана майнинг-ферма иштейт. Алардын бири Камбар-Ата-2 ГЭСинин жанында, экинчиси Кеминде.«Биз башка бир дагы майнинг-фермага уруксат берген эмеспиз. Качан гана чоң-чоң ГЭСтерибиз курулуп бүтүп, өзүбүздүн керектөөнү толук жапкандан кийин гана уруксат берсек болот», — деди Жапаров.
Президент майнинг мамлекетке олуттуу салык түшүүлөрүн алып келерин белгиледи. Бирок электр жарыгы жетишсиз шартта бийлик бул тармакты кеңейтүүгө жол бере албайт. Кемин шаарчасындагы майнинг-ферма тууралуу сүйлөп жатып, Жапаров ал Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясын колдонбой, Орусиядан жана Казакстандан импорттолгон энергиянын эсебинен иштээрин билдирди.
Муну менен катар, анын айтымында, өлкөдө электр энергиясы таңкыс болгон кыш мезгилинде ферманын иши убактылуу токтотулуп, ал үчүн импорттолгон электр энергиясы калктын муктаждыгына багытталышы мүмкүн.