USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Эртең Бишкекте салттуу айыл чарба жарманкелери уланат

22:20, 20 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

21-22-ноябрда Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жарманкелерде ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү өздөрү өндүргөн продукцияларын сунушташат. Бул сатып алуучуларга керектүү азык-түлүктөрдү ортомчуларсыз, түздөн-түз жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Жарманкелер ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү төмөнкү даректерде өткөрүлөт:

  • Т. Усубалиев атындагы аянтта, И. Разаков, Абдымомунов жана Эркиндик Бульварынын кесилишинде өткөрүлөт.
  • Жал кичи району. Миңжылкиев-Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.

Жарманкелердин негизги максаты — ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, жергиликтүү продукцияны сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун жарманкелерге келип, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18