USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкектеги бош орундар жарманкесинде 4 миңден ашуун орундар сунушталды

14:16, 26 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте жаш адистерди, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн жана студенттерди жумушка орноштурууга көмөктөшүүгө багытталган жаштар үчүн бош орундар жана кесиптер жарманкеси өттү. Иш-чараны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети менен биргеликте уюштурган.

Жарманкеге 40тан ашуун иш берүүчү катышып, ар кыл тармактарда, анын ичинде экономика, юриспруденция, маалыматтык технологиялар, билим берүү, журналистика, башкаруу жана башка багыттар боюнча 4 миңден ашуун бош орун сунуштады.

Катышуучулар уюмдардын өкүлдөрү менен түз баарлашууга, эмгек рыногундагы актуалдуу сунуштар тууралуу билүүгө, маектешүүдөн өтүүгө жана андан ары жумушка орношуунун варианттарын кароого мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү тесттер, интерактивдүү оюндар жана университет боюнча экскурсия уюштурулду. Мындан тышкары, иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери келгендерге жумушка орношуу, кесиптик окутуу, жаштардын тажрыйбадан өтүүсү жана иш менен камсыз кылууну мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кеңештерди беришти.

Белгилей кетсек, бош орундар жарманкелерин уюштуруу боюнча иштер борбор калаада эле эмес, республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18