Бишкекте жаштар үчүн бош орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде 26-ноябрда жаштар үчүн бош орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт.
Иш-чараны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы КРЭАУ менен биргеликтеуюштурууда.
Жарманкеге 40тан ашык иш берүүчү катышып, катышуучуларга экономика, юриспруденция, IT, билим берүү, журналистика, башкаруу жана башка багыттарды камтыган ар кандай тармактар боюнча 4 миңден ашык бош жумуш орундарын сунушташат.
Жарманкенин негизги максаты — жаштарды, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жана жаш адистерди ишке орноштурууга көмөктөшүү, ошондой эле иш берүүчүлөр менен түздөн-түз баарлашуу, маектешүүдөн өтүү жана жумушка сунуш алуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Бишкектин мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү тестирлөөлөр, оюндар жана университет боюнча экскурсия уюштурулат. Иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери ошондой эле келгендерге жумушка орношуу, кесиптик окутуу, жаштар стажировкасы жана иш менен камсыз кылууну мамлекеттик колдоонун башка чаралары боюнча кеңеш беришет.