Бишкектин Тарых музейинде «Лейлек килемдери» көргөзмө-жарманкеси өтөт
16-ноябрдан 26-ноябрга чейин Бишкек шаарындагы Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде «Лейлек килемдери» көргөзмө-жармаңкеси өтөт. Анда Баткен облусунун Лейлек районунун чебер аялдарынын эмгектери тартууланат.
Иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын демилгеси менен уюштурулууда. Анын максаты — аймактагы кол өнөрчүлөрдү колдоо, Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурасын сактоо жана элдик искусствонун салттуу түрлөрүн жайылтуу болуп саналат.
Көргөзмөдө келген коноктор табигый жүндөн токулган килемдерди көрүп, сатып ала алышат. Бул буюмдар кыргыздын килем токуучулук кылымдык салттарын жана улуттук оймо-чиймелеринин өзгөчөлүктөрүн чагылдырат.
Уюштуруучулар белгилегендей, көргөзмө кол өнөрчү аялдардын чеберчилигине көңүл бурууга жана салттуу искусствону кийинки муундар үчүн сактап калууга көмөктөшүүгө багытталган.