USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Бишкекте дем алыш күндөрү салттуу айыл чарба жарманкелери уланат

10:10, 13 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

14-15-ноябрда Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жарманкелерде ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү өздөрү өндүргөн продукцияларын сунушташат. Бул сатып алуучуларга керектүү азык-түлүктөрдү ортомчуларсыз, түздөн-түз жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Жарманкелер ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү төмөнкү даректерде өткөрүлөт:

  • Биринчи май району: Т. Усубалиев атындагы эски аянт. Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин;
  • Ленин району: Тыналиев көчөсү, 38. Абдулкерим Сатык Буурахан мечитинин батыш тарабында. Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 19:00гө чейин;
  • Октябрь району: А. Токомбаев көчөсү, 21/1Б. Иштөө убактысы: саат 8:00дөн 18:00гө чейин;
  • Свердлов району: Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Фере көчөсү, 33/1а дарегинде (мурдагы мал базардын аймагында). Иштөө убактысы: саат 7:00дөн 15:00гө чейин.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте уюштурулууда.

Жарманкелердин негизги максаты — ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, жергиликтүү продукцияны сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун жарманкелерге келип, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18