USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бүгүн Садыр Жапаров Талас облусуна иш сапары менен барат

09:29, 02 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда Талас облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалыматка ылайык, сапарынын алкагында мамлекет башчысы аймактын эли менен жолугушуп, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат, ошондой эле Талас шаарындагы «Талас Арена» борбордук стадионунун ачылыш аземине катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18