USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жети агенттик кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумушка орноштурууга уруксат алды

14:13, 02 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы мекемелер аралык комиссия өлкө жарандарына чет өлкөдөн жумуш табууга көмөктөшкөн жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин өтүнмөлөрүн карап чыкты. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар уюмдарга жаңы уруксат кагаздары берилсе, дагы сегизөөсүнүн иштеп жаткан уруксаттары бир жылга узартылды.

Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунан билдиришкендей, кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумушка орноштурууга төмөнкү компаниялар уруксат алышты:

  • «Динар Компани» ЖЧКсы — Түркия.
  • «ПФ Германия Карьера» ЖЧКсы — Германия.
  • «Флай Глобус» ЖЧКсы — Түркия.
  • «ОЛИМП КЕЙ ДЖИ ТРЭВЕЛ» ЖЧКсы — Түркия жана Болгария.
  • «Олива» ЖЧКсы — Германия.
  • «ЭРА-Тревел» ЖЧКсы — Польша (шарттуу түрдө).
  • «Окуу жумуш Италия» ЖЧКсы — Италия (шарттуу түрдө).

Мындан тышкары, комиссия төмөнкү жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат кагаздарын бир жылга узартты:

  • «Бест Чойс» ЖЧКсы — Германия;
  • «Тайга Групп» ЖЧКсы — Түркия
  • «Евро Сапар» ЖЧКсы — Түркия;
  • «Арча АС Туризм» ЖЧКсы — Түркия;
  • «Рамай-Саякат» ЖЧКсы — Польша (шарттуу түрдө);
  • «Эмир Тревел» ЖЧКсы — Түркия;
  • «Аиша» ЖЧКсы — Түркия;
  • «Аска-Трэвел» ЖЧКсы — Болгария.

Ошол эле учурда комиссия «Арча АС Туризм» ЖЧКсына жарандарды Орусияда жана «Глобал проспект бридж» ЖЧКсына Германияда жумушка орноштурууга уруксат берүүдөн баш тартты.

Эмгек министрлиги чет өлкөдө иштөөнү пландап жаткан жарандарга тиешелүү уруксат кагаздары бар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине гана кайрылуу керектигин эскертти. Келишим түзөрдүн алдында агенттик тууралуу маалыматты расмий ресурстардан текшерип алуу сунушталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18