Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышуу үчүн Баку конгресс-борборуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысын Азербайжандын президенти Илхам Алиев тосуп алды.
Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегациялардын башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кечээ, 14-октябрда Азербайжан Республикасына иш сапар менен барган.