12:22
USD 87.45
EUR 100.09
RUB 1.10
Кыргызча

Жалал-Абад облусун мындан ары Жусупжан Жээнбеков жетектейт

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп Жусупжан Жээнбеков дайындалды. Бул туурасында «24.kg» агенттигине КР минкабинетинин аппараты маалымдады.

Бүгүн Жусупжан Жээнбеков жаңы жамаатка тааныштырылат. Буга чейин ал Ош жана Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү Мамдирекцияны жетектеп келген.

Белгилей кетчү жагдай, Жалал-Абаддагы өкмөттүн мурунку өкүлү Жусубали Төрөмаматов Бишкекке которулганына байланыштуу кызматтан кетүү боюнча өз арызын жазып берген. Бирок азырынча өкмөт тарап Төрөмаматовдун кайсы кызматка бекигенин кабарлай элек.


Бизнес