22:54
USD 87.43
EUR 102.30
RUB 1.16
Кыргызча

Өмүрбек Текебаев ишкана жетекчилерин жана барынан мурда «Кумтөр» жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну сунуштоодо

Кылмыш кодексине ылайык түзөтүү киргизүүдө «Ата Мекена» лидери Өмүрбек Текебаев, эгерде өндүрүштүн токтоп калуусуна жол берилсе, ишкана жетекчилерин жана барынан мурда «Кумтөр» жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну сунуштады.

«Мындай өндүрүш ишканалары элди иш менен гана камсыздабастан, өлкөдө социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө бюджетке туруктуу киреше түшүрүп келет. Мисалга, «Кумтөр» 10 проценттен кем эмес ВВП берип, өлкөгө ири салык төлөөчү ишкана жана ал бюджеттин негизги бөлүгүн түзөт. Эксперттердин белгилөөсүндө, анын өндүрүшү кайсы бир себеп менен токтоп же көлөмү азайып кетүүсү бүтүндөй экономикабызга терс таасирин тийгизет. Андыктан, «Кумтөрдүн» тынымсыз иштөөсүнөн өлкө бюджетти көзкаранды», - деп түшүндүрдү.

Өмүрбек Текебаевдин ырастоосунда, Кыргызстанда «Кумтөр» долбоорунун тегерегинде чайкоочулук күчөп баратат. Аталган ишкананын айрым жетекчилери тарабынан эгер «Кумтөр» келишими бузулуп, өндүрүшү токтоп калса, кырдаал оорлошору таңууланууда. Мындай ойго биргиликтүү иш жүргүзгөн «Центерра Голд Инк.» жана анын акционерлери - «Камеко Корпорэйшн» компаниясы өздөрү түрткү берүүдө. Акыркы убактарда «Центерра Голд Инк.» жана «Камеко Корпорэйшн» компанияларынын деректирлер кеңешинин өкүлдөрү бирге кызматташтык жүргүзгөн «Кыргызалтын» ОАО кызматкерлери менен мамлекеттик органдарга чейин психологиялык кысым көрсөтүп келет. Ал эмес ЖМК аркылуу коркутуп, үгүт-реклама кампаниясын башташты. Кокус Кыргызстан келишимди бузуп, тоокен өндүрүшү үзгүлтүккө учураса, экономика төмөндөп, салык төлөмдөрү токтоп, жумушсуздардын катары арбыйт дегенди байма-бай күчөтүүдө.

Бизнес