Акыйкатчы Токон Мамытов журналисттерге балдардын өз өмүрүнө кол салуу себептерин атады. Кечээ ал депутаттар алдында 2016-2017-жыл үчүн доклад берди.
Анын айтымында, балдар муунуп, дары ичип же бийиктиктен секирип өз жандарын кыйышат.
«Үй-бүлөдөгү уруш-талаштар жана ата-энелердин ортосундагы кайчы пикирлер -балдардын өз өмүрүнө кол салуусуна себепкер. 40 бала ата-энеси менен урушуп кеткенден кийин жанын кыйышкан. 7 бала ата-энеси ажырашып кеткендиктен, 4 бала оорусунан улам, 2 бала материалдык көйгөйдөн улам өз өмүрүнө кол салышкан», -деди Токон Мамытов.