Учурда Маданият министрлигинин алдында туризм Департаменти иштеп жатат. Аны жоюп ордуна өз алдынча агенттик түзүү каралып жатат.
«Эгерде биз туризмди өнүктүрүүнү кааласак, бул тармак менен алектене турган орган керек. Ар түрдүү варианттар каралып жатат. 3-Көчмөндөр оюндарынан алган эффектти коротуп албашыбыз керек», — деди Кубатбек Боронов.
Айтымында, жаңы агенттик жылдын аягында түзүлүшү мүмкүн.