12:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Көчмөндөр оюну. Көк-бөрү боюнча 4 команда беттешет

АКШнын курама командасы менен Франциянын курама командасы көк-бөрү боюнча мелдеште беттешип жатат.

Спорттук иш-чара Чолпон-Атадагы ат майданда өтүүдө. Буга чейин А тайпасында Кыргызстан Монголиянын курама командасын 29:5 эсебинде жеңип алган. Кийин монголдор Алтайлыктарды 1:0 эсебинде уткан. Ал эми В тайпасында Москвалык команда Ооганстандыктардан күчтүү болуп чыккан. Алар 7:2 эсебинде жеңишке жетишкен. 

Мелдешке жалпысынан 11 команда катышууда. Бүгүн Кыргызстан — Алтай, Казакстан — Красноярск, Өзбекстан — Франция, Казакстан — АКШ командалары беттешет.

Эң көп окулган жаңылыктар