20:01
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Залина Касымова: Кыл кыягымды баламдай эле карайм

Кыргызстандын атын алыска таанытып жүргөн таланттуулардын арасында кыл кыякчы Залина Касымова дагы бар. Ал жайкы эс алуу күндөрүн Ысык-Көлдөн өткөрүп келип, учурда экинчи жолу сахнага ырдап чыгуу алдында турат. Дегеним талант ээси кыл кыяк гана тартпастан, буга чейин кичинекей балдарга арналган «Күн балам» аттуу чыгармасы менен эл алдына чыккан болчу. Залина айым экинчи чыгарманы кыл кыякка салып, жаздыруу иштери менен жүргөнүн 24.kg агенттигине берген маегинде билдирди. 

Кыл кыяктын салттуу күүлөрүнүн дээрлик баардыгын билем

Мурун кийин аткарып көрбөгөн күүнү кыл кыякка салып аткарыш бат эле. Бирок, жүрөккө сиңирип аткаруу менен жөн эле аткарып койгондун айырмасы асман менен жердей. Мисалы, алдыма нота берсеңиздер 5-10 мүнөттө ойноп коём, мунун кыйынчылыгы жок. А бирок, ошол нерсени жүрөккө сиңирип, ичтен бышыруу ар кандай убакытты алып калышы мүмкүн. Ал нерсе адамдын жан дүйнөсүнө, кабыл алуусуна жараша болот. Мен айтаар элем, жүрөктөн чыккан чыгарма гана жүрөккө жетет деп. Ошондуктан, алгач чыгармаларды аткаруудан мурун аны иликтеп, чоо-жайын изилдеп, жүрөгүмө сиңиргенге аракеттенем.

Менин аткаруумда атайын кыл кыякка ылайыктап шөкөттөлүп жаздырган 20га жакын күүлөр бар.

Ал эми кыяктын өзүнүн салттуу күүлөрү бар, аларды эч кандай аранжировкасы жок эле тартам. Дээрлик баардык эле күүлөрдү билем. 

Албетте, кандай гана чыгарма болбосун кыякка ылайыкташтыруу керек. Кыл кыяктын 2 түрү бар. Илгертен келе жаткан 2 кылдуу кыл кыяк жана 4 кылдуу прима-кыяк. Бул үнү, ойноо техникасы жагынан скрипкага окшошуп кетет. Буга баардык эле күүлөр түшө берет. Ал эми 2 кылдуу кыл кыякта баардык күүлөр туура келе бербейт.

Кыягымдын бир жеринен жаракат кеткен, ага мен кейип жүрдүм...

Музыкалык аспаптарымды баламдай эле карайм. Эки жакка чыкканда биринчи эле аспаптарыма сарсанаа боло баштайм. Айрыкча учакта кетип жатканда үстүнө эч нерсе коюп коюшкан жокпу, кулап кетпедиби деп бушайман болом. Анткени, нан таап жеген аспабым. Суук болсо аны ороп туруп кабына салып коём. Ысыкта унаанын ичинде калтырбаганга аракет кылам. Жалпысынан 6 кыягым бар. Алгачкы кыягымды мектепте окуп жүргөндө 700 сомго сатып беришкен. Ошол учурда чоң акча эле. Баарынын эле ошону алганга чамасы чак келе берчү эмес. Мен үчүн бул ата-энемден чоң белек. Колдон түшүрүп же суу төгүп алган эмесмин. Коргоп турам. Көрүнгөн жерге коё бербейм.

Бир жолу гана Астанага поезд менен баратып купенин үстүңкү жагынан кыягым поезд күүлөнгөндө жерге түшүп кеткен.

Дагы жакшы 2 кыл кыяк алып алыптырмын. Экинчи аспабымдын жардамы менен концертке катышкам. Кыягымдын бир жеринен жаракат кеткен, ага мен кейип жүрдүм. 

Кыргыздын улуттук кийимдерин жаш куракка ылайыктап кийишсе дейм

Ар бир кыргыздын жүрөгүндө мекенчилдик сезим болушу керек. Байкадыңыздар болуш керек кыргыздын улуттук кийимдерин кийгенге аракет кылам. Мага мисалы элечек жагат. Менин аспабыма ылайык келгендей, аны толуктап тургандай сезилет. Мен эл алдына чыкканда аудиториянын жаш өзгөчөлүгүнө жараша кийинем. Жаштардын алдында заманбап кыргыздын кийимдерин алып чыгам. Ал үчүн изденем, өзүмө ылайыктап дегендей. Кыргызча кийинет деп эле үкү тебетейди кийип албай, ар бири жаш курагына ылайыктап кийинсе деймин.

Көк беттигиме салып Париждеги Эйфель мунарасынын үстүнө чыккам

2007-жылы «Теңир тоо» ансамбли менен концерт койгону Парижге бардык. Менин Европага биринчи жолу чыгышым эле. Кичинемден эле Парижге барсам, Эйфель мунарасын көрсөм деген тилегим бар болчу. Ошентип кыялдарым орундалып, концерт бердик. Андан кийин 2 кесиптештерим менен шаарды кыдырмай болдук. Түз эле Эйфель мунарасынын чокусу көрүнүп турган жерге бет алдык. Жолдо катар тизилген дүкөндөрдү кыдырып, 1 сааттай жөө жүрдүк. Жолдон адашып кетпеш үчүн эки жагымды каранып эстеп калуунун аракетин жакшы эле көрдүм. Ошентип, мунарага жеткенде элдин көптүгүн сурабаңыздар, кымгуут. Жанымдагы 2 кесиптешим мурда да келип жүрүшкөндүктөн аларга кызыксыз болдубу, айтор кеч кирип кетет, кезек күткөндөр өтө эле көп экен, андан көрө башка жактарды кыдырып келели деп калышты. Мен чыйпылыктайм, ушунча келгенден кийин мунаранын башына чыкпай кетемби деп. Бирок, кесиптештерим кетип калышты, мен көгөрүп болбой калып калдым.

Ошентип билет сатып алып, Эйфель мунарасынын үстүнө чыкканым эсимде.

Мейманканага адашпай эле келгем. Эртеси күнү кыздарга таарынып мени таштап кетип калдыңар деп сүйлөшпөй койдум. Ал кезде жаш болчумун да. Кудай андан кийин деле Парижге барууну буюруптур, көп эле жолу бардым. 

Жеке жашоо жеке бойдон калышы керек

Албетте, жалгыз болгондон кийин баардык түйшүк башына түшөт. Кудайга шүгүр, мени моралдык жана материалдык жактан колдоп турушкан ата-энем жана бир туугандарым бар. Ысык сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет дегендей, турмуш куруу тууралуу ойлонгум келбейт. Чынында сак болуп калат экенсиң. Бул нерсени элге чыгаргым да келбейт. Жеке жашоо жеке бойдон калышы керек деп эсептейм. Азыркы учурдагы негизги максатым- балдарыма жакшы тарбия берип, чыгармачылыгыма көңүл буруу.

Ал эми чыныгы мырза деген -эркек болуш керек деп эсептейм. Чечкиндүү, адамгерчиликтүү, айткан сөзүнө бекем турган, эки жүздүү болбош керек. Чынында азыр аялзатынан ашып майдаланып кеткен эркектер бар, чыныгы мырза маселени тарс-тарс чечип, чечкиндүү болушу керек деп ойлом.

Эң көп окулган жаңылыктар