19:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жалал-Абадда бөлтүрүктөр сатылууда

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда бөлтүрүктөр сатылууда. Жапайы жаныбарларды сатыкка койгон Керималы Ниязбеков сүрөттөрдү сайттардын бирине жарыялаган.

Анын айтымында, бөлтүрүктүн ар бири 10 миң сомго бааланууда. 

«Мен аңчылыкка чыкканда бөлтүрүктөрдү кармап алгам. Анда алар жаңы эле туулган, көздөрүн ача элек болчу. Азыр 3 айлык болушту», — деди Керималы Ниязбеков.

Ал карышкырды сатууга тыюу салынган мыйзамдан кабары жок экендигин айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар