09:05
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

«Тамекини жеңил таштоо» аттуу семинар уюштурулат

Бишкекте «Тамекини жеңил таштоо» аттуу семинар уюштурулат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Дем Нур медициналык борборунун наркологу Шайлообек Өмүралиев билдирди. 

Анын айтымында, бул демилге аталган борбор тарабынан алгачкы жолу көтөрүлүүдө.

Никотинге болгон көз карандуулук инсульт, өпкөнүн рак оорусу жана 87 ар кандай оорулардын себепкери болууда. Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму тамекини- № 1 өлтүргүч деп бекер атаган жок. Учурда жарандар акча коротуп өз каалоосу менен ден соолугун талкалап жатат

Шайлообек Өмүралиев

Маалым болгондой, Европа өлкөлөрү чылымга каршы күрөш жүргүзүп, оң натыйжаларга ээ болууда. Учурда АКШда 32 миллион киши тамекини таштагандыгы айтылууда.

Тамекини жеңил таштоо семинары 11-12-августта уюштурулат. Анда теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлөт.

Тамеки чегип жүрүп таштаган жарандардын айрымдары кыйналып, уйкусу качып калат. Аларга кошумча дарылар берилет. Бул жылы Бишкекти камтып алсак, кийинки жылдары өлкөнүн баардык аймактарына семинар уюштурабыз. Жарандар 1 айлык тамекиге минимум 700 сом коротот. Ошол короткон акчаны семинарга төлөп, керектүү маалыматка ээ болуп, дарыны алышат

Шайлообек Өмүралиев

Болжолдуу маалыматка караганда, орточо 15 жаштан 80 жашка чейинки жарандар чылым чегет.

Семинарга катышууну каалагандар 0709 363 249 номуруна чалса болот.