06:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кайрат Кыргыз: Мен динчилдерге тийишкен жокмун, алар да өз жолу менен жүрсүн

Кайрат кыргыздын жеке архивинен
Фото Кайрат кыргыздын жеке архивинен

Эпатаждуу стили менен башка ырчылардан айырмаланган Кайрат Кыргыз чыгармачылыкта билекти түрүп катуу иштеп жаткан чагы. Буга чейин «Жаштык кез» аттуу ыры менен элдин назарына илинген ырчы жакында «Жактырам» аттуу ыры менен кайрадан элдин көңүл чордонунда.

- Саламатсызбы Кайрат мырза! Чыгармачылык жаатта кандай жаңылыктарыңыз бар?

-Саламатсызбы! Жакында эле Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда Аймак ышкыбоздору 2018 III эл аралык фестивалды жыйынтыктап келдик. Анда улуттук аспапта ойноо, көркөм окуу, эстрада жана фольклор жанрындагы ырларды ырдоо, манас айтуу, бий өнөрүн тартуулоо боюнча чоң сынак болду. Аталган иш-чара Карга акенин 300 жылдыгына , Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына , Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына, Эмилбек Токтобековдун 50 жылдыгына жана комузчу Калыбек Жекшеновдун 65 жылдыгына арналды.

- Чет жерге чакыруулар келип атабы?

- Мен чыгармачылыгым менен Орусиянын бир топ шаарларына, Өзбекстанга, Казакстанга жана башка өлкөлөргө барып келгем. Бир топ сыйлыктардын ээсимин. Учурда чет өлкөлөргө чакыруулар болуп атат, кээде калыстар тобунун мүчөсү болуп бериңиз деп да чакырышат. Андайларга жок дебейм.

Мага мурунтан эле суроо-талап күч болчу, азыр андан бетер.

Анткени, фольклор жана эстраданы кошо алып келе жатам. Тойлорго чакыргандардын саны көп. Ар түрдүү иш-чаралардан колум бошой элек.

- Сиздин угармандарыңыздын көпчүлүгү кайсыл жаш курактагылар?

- 1 жарым жаштан баштап улуу муундарга чейин менин күйөрмандарым бар. Улууларды комуздун жардамы менен фольклор жаатында багындырып келсем, жаш балдардын көңүлүн сырткы театралдык көрүнүшүм менен бура алдым. Өзүм дагы дайыма шайыр-шаңдуу болуп жүргөнгө аракет кылам. Абдан тамашакөймүн.

Көчөдөн кезигип калган күйөрмандарымдын сунушун четке какпайм, сүрөткө чогуу түшүп көңүлүн көтөрүп коём. Айрыкча улуу муундагы кишилер жылуу пикирлерин билдирип, чыгармачылыкка жаңылык киргиздиң деп алкашат. 

Жаштар болсо чач жасалгама кызыгышат. Келип кармалап көргөндөр да болот. Учуру келгенде бул чачым дагы далай өзгөрөт. Ушул келбетим менен эле жүрө бербейм.

Кайрат Кыргыз

Кайрат кыргыздын жеке архивинен
Фото Кайрат кыргыздын жеке архивинен

- Белгилүү дин аалымы сиздин чыгармачылык образыңыз тууралуу кыргызга жарашпаган жорук деп сындаганы бар эле?

- Мен цензурага алына тургандай диний ырларды ырдаганым жок. Маданият министрлиги бул багытта дин аалымына жооп берген. Мен дин маданиятына, алардын кийген кийимине, турган турпатына, сакалына тийишкеним жок. Алар өз жолу менен диний маданияты менен жүрө берсин деп айтат элем. Андан сырткары эркектерге тийешеси жок арабдардын юбкаларын кийип жүргөндөр, араб маданиятын Кыргызстанга алып келип атат деп тийишкеним жок. Алардын сөзүнө камаарап да койбойм. Мен өз жолумда алар өз жолунда жүрө беришсин.

- Илмегиңиз (кулон) мойнуңуздан түшпөйт го?

- Бул илмек Кайрат деген жазууну билдирет. Мындайча айтканда Кайрат Кыргыздын эмблемасы. Кайда барсам дагы мойнума тагынып алам. Эң жакшы көргөн буюмум десем болот. Албетте, уктаганда чечип коём, анткени салмагы абдан оор.

Кайрат кыргыздын жеке архивинен
Фото Кайрат кыргыздын жеке архивинен

- Үй-бүлөңүз тууралуу айткыңыз келбейт, себеби эмнеде? Же бакыт тынчтыкты сүйөт деген принципти карманасызбы?

- Эл менин театралдык көрүнүшүмдү көрүп, ырларымды угуп, сахнадагы чеберчилигиме күбө болушу керек. Мындан улам үй-бүлөнүн бул жакта эч кандай тийиштиги болбошу шарт деп эсептейм.

Эң көп окулган жаңылыктар