Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 6 жашар баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
13-июль күнү Бишкек шаарынын 1-Май районунун Ленская көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2012-жылы туулган П.М. аттуу бала чөгүп кеткен. Баланын сөөгү дагы эле табыла элек.
ӨКМнын маалыматында, издөө иштерине Сокулук районунун № 23 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучучу жана Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды.