11:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Москвада мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргызстандыктар кармалышты

Москва шаарында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргызстандыктар кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында кылмыш жасап качып жүргөн 8 жаран кыргыз милициясы менен Орусиянын ИИМ кызматкерлеринин жардамы менен колго түшүрүлдү.

Издөөдө жүргөн жарандарга каракчылык, алдамчылык, талап-тоноочулук, зордуктоо, адам өлтүрүү беренелери боюнча айыптар тагылган.

Учурда аларды Кыргызстанга экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилип жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби