Москва шаарында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргызстандыктар кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында кылмыш жасап качып жүргөн 8 жаран кыргыз милициясы менен Орусиянын ИИМ кызматкерлеринин жардамы менен колго түшүрүлдү.
Издөөдө жүргөн жарандарга каракчылык, алдамчылык, талап-тоноочулук, зордуктоо, адам өлтүрүү беренелери боюнча айыптар тагылган.
Учурда аларды Кыргызстанга экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилип жатат.